Орусияда калктын дээрлик үчтөн экиси зыяндуу мазмундагы материалдарды чектөө үчүн интернетке цензура киргизиш керек деп эсептейт. Көз карандысыз "Левада" борбору жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, суралгандардын 63 пайызы интернеттеги «көп сандаган коркунучтуу сайттар менен материалдарды электен өткөрүш керек» деп айткан. 19 пайызы гана интернеттин коркунучу ашырылып айтып жатат жана цензурага жол берүүгө болбойт дешкен. 17 пайызы бул тууралуу ак же көк деген эмес. Ноябрь айында күчүнө кирип жаткан жаңы мыйзам боюнча, орус өкмөтү коркунучтуу деп тапкан мазмундагы материалдар интернеттен алынып салынышы керек.