Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Жалал-Абадда ачкачылык уланууда


Жалал-Абадда камактагы депутаттарды бошотуу талабы менен ачкачылык жарыялагандар акцияны улантышууда. “Азаттыктын” облустагы кабарчысынын билдиришинче, учурда акимият алдына тигилген боз үйлөрдө 25 аял ачкачылык кармап жатат. Алардын саламаттыгына дарыгерлер көз салып, кечээ кечинде бир адам ооруканага жаткырылып, дагы экөөнө медициналык жардам көрсөтүлдү.

Ачкачылык жарыялагандар камактагы “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрүн бошотуу талабы аткарылмайынча, акцияны уланта берерин айтышууда. Алар 8-октябрдан бери ачкачылык кармап жатышат.(YA\BkA)

XS
SM
MD
LG