Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Бишкек жылуулук борборуна керектелчү көмүрдүн жарымы гана ташылды


Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жылуулук борбор үчүн кышкы сезондо 932 миң тонна көмүр талап кылынса, учурда анын 388 миң тоннасы ташылып келген. Мындай абалдын жаралышынын энергетиктер Казакстандан көмүр сатып алуу боюнча тендердин 4 ирет үзгүлтүккө учурашы менен байланыштырууда. Министрлик жүйөөсүндө тендердин үзгүлтүккө учурашына былтыркы уулуу көмүр чырынан соң Казакстандын компаниялары катышпай койгону да себеп болгон.

Министрликтин маалыматында, борборго мазут ташуу пландагандан ыкчам жүрүп жатат. Ушул убакытка чейин 20 миң тонна мазут ташуу болжолдонсо, учурда 21 тоннага жакын мазут ташылып келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG