Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Нобель сыйлыгына талапкерлер арасында Роза Отунбаева да бар


Нобелдин тынчтык сыйлыгына талапкерлер арасында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева да бар. Отунбаеванын талапкерлигин Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академия көргөзгөн. Бул маалыматты “Азаттыкка” академиянын ректору Жумагул Сааданбеков тастыктап, бирок кайсы иштери үчүн сунушталганын айткан жок. РИАновости жазгандай, тынчтык сыйлык үчүн талапкер болгондордун саны 230 экенин февраль айында эле Нобель комитети билдирген.

Роза Отунбаева 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин өткөөл мезгилде бийлик башына келген. 1,5 жылдан кийин бийликти тынчтык жолу менен кийинки шайланган президентке өткөрүп берген. Айрымдар ал президент болуп турганда көп иштер аткарылган эмес деп сындап келишет.

Ушул аптада Нобел сыйлыгынын медицина, химия жана Физика, адабият боюнча быйылкы жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аталган. Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээсинин аты бүгүн жарыяланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG