Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Өзгөндө атеистти сабагандар шарттуу кесилди


Бул тууралуу атеисттик көз карашы үчүн токмок жеген Таштанкуловдун адвокаты Асел Акматбекова бүгүн “Азатыкка” билдирди. Анын айтымында, Таштанкуловду атеисттик көз карашы үчүн сабап салган 15 баланын экөөнүн күнөөсү аныкталып, райондук сот аларды бир жылга шарттуу түрдө кескен. Бирок жабырлануучу тарап соттун мындай чеиимине макул эмес. Бул боюнча сотко апелляциялык арыз жазууга камынышууда.

Эки ай мурун Өзгөн шаарынын тургуну Жаныбек Таштанкулов маңдай-тескей
турган мечиттеги 15тей жигит анын үйүнө кирип, мечитке алып барып
«намаз оку» деп урушканын жана анын апасына акаарат келтиргенин айтып,
сотко кайрылганын “Азаттык” жазып чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG