Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Теологдор муфтиятта системалуу өзгөрүүнү каалайт


Бишкекте теологдордон турган демилгечи топ даярдаган муфтияттын уставынын долбоору талкууланды. Уюштуруучулардын "Азаттыкка" айтымында, жыйында азыркы муфтияттын иштөө системасы жана уставына сын пикирлер айтылды. Муфтияттын бардык мусулмандардын диндик жашоосуна жеңилдиктерди камсыз кылуу, динди туура түшүнүп жашоо максатын көздөгөн жана ошондой эле ачык-айкын иш алып барган заманбап уюм болуусу баса белгиленди.

Жыйында төрт талап менен кайрылуу жасалды. Биринчиси, 15-декабрда өткөрүлө турган курултайга келе турган делегаттардын качан жана кандай жол менен тандала тургандыгын тактоо. Бул маселени ачык-айкын жана кээ бир күчтөрдүн кызыкчылыгына иштебей тургандай калыс чечүү. Экинчиси, муфтийликке талапкерлердин аты-жөнү алдын ала ачыкталып, өз иш-программасы менен бүткүл мусулмандарды тааныштыруу. Үчүнчүсү, азыркы муфтий талапкерлигин койо турган болсо курултайды жана муфтийди шайлоону уюштурууну калыс бир комиссиянын жоопкерчилигине берүү. Төртүнчүсү, атайын комиссия түзүп, бирдиктүү уставдын долбоорун даярдоо. Бул кайрылуу муфтиятка жана тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG