Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

АКШ: вице-президенттикке талапкерлер телетаймашта тең чыкты


Телетаймаштан көрүнүш
Телетаймаштан көрүнүш
АКШда бүгүн демократтар да, республикачылар да кечээки теледебатта өздөрүнүн талапкери жеңип чыкканын жарыялашты. Бирок сурамжылоолордун жыйынтыгында эки талапкерге тең бирдей баа берилген. Мисалы CNN телеканалы сурамжылагандардын көпчүлүгү республикачы Пол Райан артыкчылык кылды дешсе, CBS телеканалына жооп берген тургундардын көбү азыркы вице-президент Жо Байден утту деп айтышты. Бир жарым саатка созулган телетаймаш Дэнвилл шаарында өтүп, анда талапкерлер АКШнын ички жана тышкы саясатына басым жасашты. Көпчүлүк байкоочулар алдыда өтчү президенттик шайлоонун жыйынтыгына дал ушул телетаймаштардын таасири чоң дешет.

6-ноябрда өтчү президенттик шайлоодо демократтардан азыркы президент Барак Обама, республикачылардан Митт Ромни ат салышат.

XS
SM
MD
LG