Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Жалал-Абаддагы 7-каналга кысым болууда


Буга байланыштуу арызды Жалал-Абаддагы 7-каналдын жетекчилиги Акыйкатчыга жолдоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” башкы укук коргоочу Турсунбек Акун билдирди. Арызда жергиликтүү бийлик өлкөдөгү соңку митингдерге аталган телеканал аркылуу чакырык жасалган деп куугунтуктап жаткандыгы белгиленген. Бирок так кимдер экени айтылган эмес.

7-каналдын жетекчиси Алтынбек Жумаев ага белгисиз бирөө телефон чалып, Жалал-Абадда жана Ошто болуп жаткан маалыматтарды көп чыгалдыра бербе, бийликти көп сындаба деп айтканын билдирди. “Ким, эмне дегенче эле телефонун өчүрүп койду. Мен эч кимден шекшиген да жокмун. Анткени так маалыматым жок”, - деди Жумаев. Азыр аталган канал кадимкидей эле тартипте иштеп жатат.

7-канал коомчулукта депутат Камчыбек Ташиевге таандык экени айтылып жүрөт. Ал эки жыл мурда түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG