Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Талиптерден ок жеген блоггер кыздын абалы жакшы


Малаланы колдоп, өлкөнүн бир нече шаарларында жаштар көчөгө чыгышты.
Малаланы колдоп, өлкөнүн бир нече шаарларында жаштар көчөгө чыгышты.
Пакистандын Хайбер-Пахтунква провинциясынын губернаторунун демилгеси менен талиптерден башына ок жеген 14 жаштагы блоггер Малала Юсафзайга көптөгөн мектептерде ибадат кылынды. Дарыгерлер кыздын абалы кыйла дурус болуп калганын билдиришүүдө. Малала Юсафзайды азыр Пакистандагы эң мыкты делген аскердик ооруканада карап жатышат, бүгүн ага өлкөнүн премьер-министри Раджа Первез Ашраф барары кабарланды.

Малала Юсафзай 2009-жылы талиптердин башкаруусу алдындагы жашоону Би-Би-Си радиосунун сайтына урду тилинде жазып чыккандан кийин белгилүү боло баштаган. Ал кийин да кыздардын укугун коргоп бир нече ирет блог жазган. Аны өткөн аптада мектептен чыгып бараткан жеринен белгисиз сакалчан адам башына атып кеткен. Кол салууну дароо эле "Техрик-и Талибан" уюму мойнуна алып, 14 жаштагы кыз исламды жана шариятты жаманатты кылган маалымат таратканы үчүн өлтүрүүнү чечтик деп билдиришкен.

XS
SM
MD
LG