Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Оштогу митингге байланыштуу кылмыш иши козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады. Кылмыш иши 305-беренеге ( “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”) ылайык козголду. Учурда митингдеги видео материалдар иликтенүүдө.

Кечээ, 11-октябрда Ош шаарында миң чамалуу кишинин катышуусунда камактагы депутаттарды бошотууну талап кылган митинг өткөн. Анда милиция кызматкерлери менен митингчилер ортосунда жаңжал чыгып кете жаздаган. Төрт милиция кызматкери жеңил жараат алганы кабарланган. Ал эми митингди уюштургандар алар тараптан да бир аялдын колу чыгып кеткенин айтышууда. Бирок бул маалымат тастыкталган эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG