Бириккен улуттар уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты сириялык 340 миң качкынды бардык керектүү кышкы кийимдер менен камсыздай турганын билдирди. Улуттар уюму Түркия, Ливан жана Иорданиядагы качкындарга жылуу кийим сатып алыш үчүн 64 миллион доллар бөлмөй болду. Комиссариат жыл аягына чейин Сириядагы зомбулукка чыдабай өлкөсүн таштай качкандардын саны дагы эки эсеге көбөйүшү мүмкүн экенин белгиледи. БУУ согуш уланып жаткан аймактарда жашап жаткандар да жардамсыз калбай турганын маалымдоодо.
Сирияда 19 ай мурун президент Башар Асаддын режимине каршы чыккан козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда башталган жаңжалдан каза тапкандардын саны 30 миңге чукулдады.
Сирияда 19 ай мурун президент Башар Асаддын режимине каршы чыккан козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда башталган жаңжалдан каза тапкандардын саны 30 миңге чукулдады.