Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Жээналиев: Максимди БУУнун конвенциясы менен алып келсе болот


Британиянын тартип коргоо органдары 12-октябрда Кыргызстандын жана АКШнын өтүнүчү менен Максим Бакиевди кармады. Кыргызстан менен Британиянын ортосунда жарандарды экстрадициялоо боюнча келишим жок болгондуктан Максим Бакиевди британ тарап АКШга өткөрүп берүүнү карап жатканы тууралуу айтылууда. Ага коюлган айыптар далилденсе, АКШнын мыйзамдарына ылайык оор жазага тартылат. Мындай маалыматты президенттин маалыматтык саясат бөлүмү 12-октябрда таратты.

Эктрадициялоо боюнча келишим Кыргызстан менен АКШнын ортосунда да жок. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков мындай келишимдин долбоорун даярдашарын билдирди.

Бириккен улуттар уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясын Кыргызстан ратификациялаган. Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурланбек Жээналиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ушул конвенция менен АКШга кайрылса болот.

Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге апрель окуяларынан кийин оор күнөөлөр тагылып, ага издөө жарыяланган. АКШ аны экономикалык кылмыштар боюнча айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG