Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Түптө Садыр Жапаровду колдогон акция башталды


Ысык-Көл облусунун Түп районунда Түп-Кеген жолунун жээгине камактагы депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары эки боз үй тикти. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдиргендей, алар 12-октябрда түштөн кийин чогулуп, Садыр Жапаровду бошотууну талап кылышууда. Нааразылыгын билдирип отурган 30га чукул адам менен облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү жана Түп районунун акими Меркибек Кыштобаев жолукту. Ал жерде Садыр Жапаровдун укугун жана кызыкчылыгын колдоо комитети да түзүлдү.

12-октябрда Жапаровдун тарапташтарына райондук администрациянын алдына боз үй тигүүгө уруксат берилген эмес.

“Ата Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров, депутат Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов 3-октябрда Ак үйдүн алдындагы тополоңдо мыйзам бузган деген айып менен камакка алынган. (MK/AKu)

XS
SM
MD
LG