Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Жаңы маале айылында таза суу чыкты


Кара-Суу районунун Жаңы маале айылына суу чыгарылды. Аталган айылдын тургундары 3 жылдан бери таза сууга муктаж болуп келаткан. Айылда 3750 киши жашайт, көбүнүн каттоосу жок болгондуктан социалдык кызматтарды алалбайт. Көйгөйлөрүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар чечүүгө көмөктөшүп келет. Бул тууралуу Оштогу Эл аралык коргоо жана көмөктөшүү борборунун басма сөз катчысы Элвира Икрамова билдирди.

Жаңы маале айылынын медициналык кызматкерлери акыркы учурларда тургундар арасында оорулар көбөйүп баратканын билдирген.

Бейөкмөт уюмдардын маалыматы боюнча, Кыргызстан калкынын 60 пайызы таза суу менен камсыз болгон. (SE/AKu)

XS
SM
MD
LG