Бүгүн саясатчы, коомдук ишмер Абды Сүйөркуловдун 100 жылдыгына арналган иш-чара Токтогулда өтүп жатат. Спорт, ат оюндары, ыр, бий жана театрлаштырылган оюндар менен коштолгон салтанатка 10-15 миң адамдын келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору жана Абды Сүйөркулов атындагы фонддун жетекчиси Осмонбек Артыкбаев билдирди.
Абды Сүйөркуловдун мааракесине анын Бишкектеги уулу, неберелери жана Торкент айылындагы жакын туугандарынан сырткары Кыргызстандан туш тарабынан коноктор келди.
Токтогул районундагы Торкент айылынын кулуну Абды Сүйөркулов Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы, бир нече чакырылыштагы депутаты, соода министри, ошол учурдагы министрлер кеңешинин төрагасы сыяктуу бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Абды Сүйөркулов Бишкек-Ош жолунун алгачкы долбоорун түзгөн. (AKu)