Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Кытай тышка товар сатууну дагы көбөйттү


Кытайда сентябрь айында экспорт өткөн жылга салыштырмалуу 9, 9 процентке өстү. Расмий Бээжиндин билдиришинче, бул августтагыдан 2, 7 процентке көп. Импорт былтыр сентябрга караганда 2, 4 процентке өскөн. Натыйжада өлкөнүн соода балансы плюс 27, 7 млрд. долларды түздү (августта 26, 7 млрд) же мерчемделгенден 7 млрд. долларга артык. Кытай өкмөтү былтыр сентябрдан бери коммерциялык банктардын зарурат корун 150 пунктка азайтты. Бул рынокко 1,2 триллион иен же 190 млрд. долларды кошумча чыгарганды мүмкүн кылды. Июнь-июль айларында банктарга төлөнчү кайтарым акыларын азайтуу да Кытай экономикасынын өсүшүнө огожо болду.

XS
SM
MD
LG