АКШ өкмөтүнүн өтүнүчү менен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Британияда кармалганын бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги 13-октябрда тастыктады. АКШ менен Британиянын ортосунда жарандарды экстрадициялоо тууралуу келишим бар болгондуктан британ тарап Максим Бакиевди камакка алган.
Британ элчилиги жөнөткөн билдирүүдө “акыркы эки жыл ичинде Кыргызстан демократиялашууга, стабилдешүүгө жана гүлдөгөн келечек курууга аракеттенип жатат. Мурдагы бийликтин мыйзам алдында жооп берүүсүн талап кылуу андай аракеттердин бир бөлүгү” деп айтылат.
Максим Бакиев 12-октябрда Лондондо камакка алынганы кабарланган. Ал 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин бир катар оор кылмыштарга айыпталып, издөө жарыяланган. АКШ өкмөтү ага экономикалык кылмыштарга байланыштуу айып тагып жатат. Кыргызстандын айрым ММКлары кечээтен бери Максим Бакиевдин кармалып, бирок кайра бошотулганын жазып чыгышкан болчу. (AKu)