Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Пакистанда дагы 13 адам бейажал өлдү


Пакистанда машинеге коюлган бомба кеминде 13 адамдын өмүрүн жалмады. Бери дегенде 30 киши жарадар болгонун, бомба Хайбер-Пактунква провинциясындагы Дара Адам Кел шаарында өкмөттү жактаган уруу башчылардын кеңсесинин жанында жардырылганын полициянын өкүлү маалымдады. Террордук чабуулду ким жасаганы азырынча белгисиз. Буга чейин пакистандык талибдер өкмөттүк күчтөрдү колдогон уруу башчыларын коркутуу үчүн аларга кол салып, бомба чабуулдарын уюштуруп турган.

Дара Адам Кел шаары жергиликтүү усталар жасаган түрдүү курал-жарактарды сатчу базары менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG