Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Египеттин башпрокурору кызматында калды


Египет президенти Мухаммед Мурси өлкөнүн башкы прокурору Абдул Магуид Махмуддун өз кызматында калуусуна көндү. Бул кабарды ишемби күнү Мурсинин өкүлү жана Абдул Магуид Махмуд ырасташты. Махмуд ишемби күнү эртең менен президент Мурсинин аны кызматтан алуу жөнүндөгү жарлыгына карабай, жумушка соттордун жана адвокаттардын коштоосунда келип, башкы прокурорлуктан кетпесин айткан. Мурси башпрокурорду кызматта калтырууга жума күнү Каирде анын тарапкерлери менен анын каршылары ортосунда болгон мушташ түрткү болгону айтылат. Тирешүүдө 100дөн ашуун адам жарадар болгон жана “Мусулман агайынчыларды” ташыган эки автобус өрттөлгөн. Бул Мурси үч ай мурда тактыга отургандан берки биринчи кагылышуу. Мурсинин оппоненттеринин айтышынча, президент “Мусулман агайындар” менен башка исламчыл партиялардын мамлекетти исламдаштыруу аракетине таназар бербейт.

XS
SM
MD
LG