Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:32

Максим Бакиевдин жакыны Евгений Гуревич Римге келди


Италияда 2 миллиард еврону мыйзамсыз жол менен алгандыгы үчүн айыпталган Максим Бакиевдин жакыны делген Евгений Гуревич сот алдына баруу үчүн Римге өз ыктыяры менен келди. Мындай маалыматты Италиянын Borsa Italiana сайты жазып чыккандыгын региондун жаңылыктарын чагылдырган Фергана.news маалымат агенттиги кабарлады.

Евгений Гуревич 2011-жылы Кыргызстандын соту тарабынан коррупцияга айыпталып, 15 жылга сырттан кесилген. "Мегаком" компаниясына Максим Бакиев менен ээлик кылган адамдардын бири экени айтылып келет. Андан сырткары 2010-жылга чейин Кыргызстандагы MGN Capital деген финасы тобунун жетекчиси катары ачык айтылган менен чындыгында Бакиевдердин эл аралык консультанты болгон деген маалымат бар. Ал Бакиевдин башка жакындары сыяктуу өлкөдөн чыгып кеткен.

Италия болсо Гуревичке “Телеком Италия” жана “Фаствеб” компанияларынан алдамчылык менен акча алып чыккандыгы үчүн айып койгон. Сот иши 2 жылдан бери уланууда. Гуревич кылмышкерлердин мыйзамсыз киреше алуусуна эл аралык экспертиза жана байланыштары аркылуу жардам көрсөтчү. Ири компаниялардан акча алып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен да бөлүшүп турган.

Ал Италияга 12-октябрда келген, Максим Бакиев да Лондондо 12-октябрь күнү кармалды.

XS
SM
MD
LG