Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Мавритания президентинин кортежине аскерлер ок ачты


Мавританиянын президенти Мухаммед Улд Абулазиз аскерий черүү анын автокортежине жаңылыш аткан октон “жеңил жарадар” болду. Расмий билдирүүдө президенттин өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экени жана ал жарадар болгон колуна өлкө борбору Нуакшоттогу улуттук госпиталда дарыланганы айтылат. Мавританиянын байланыш министри Хамид Улд Махжубдун маалымдашынча, жоокерлер президенттин автокортежин тааныбай ок ачышкан. Окуя иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG