Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:15

Жалал-Абадда ачкачылык акциясы уланып жатат


“Ата-Журт” партиясынын лидерлерин бошотуу жана Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен туура бир апта мурун башталган акция бүгүн да уланып жатат. Ачкачылык жарыялагандардын бири Каныгүл Эшиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, саясий ачкачылык жарыялагандардын саны 26га жетти. Акциянын катышуучуларына дарыгерлер көз салып турушат, жекшемби күнү эки аялдын абалы оор деп айтылып, аларга ачкачылыкты токтотуу сунуш кылынган.

Жалал-Абадда ачкачылык кармап отургандар менен ЖКнын айрым депутаттары жолугушканы кабарланууда. Ачкачылыкта отургандар “Ата-Журт” партиясынын камалган мүчөлөрүн бир жактуу каралап жатат деген себеп КТРК менен ЭлТР телекомпанияларына маалымат берүүдөн баш тартып жатышканын Каныгүл Эшиева “Азаттыкка” кошумчалады.

Жалал-Абаддагы ачкачылык акциясы шаардын борбордук аянтына тигилген боз үйлөрдө 8-октябрда башталган.

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” фракциясынын башчысы Садыр Жапаров жана фракция мүчөсү Талант Мамытов 3-октябрда Бишкекте башаламандыкка айланган митингден соң “Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген беренелердин негизинде камакка алынган.(YA;ZKo)

XS
SM
MD
LG