Өлкөнүн Улуттук конгресси бул ирет премьер-министрликке мурдагы дипломат Али Зиданды шайлады. Анын талапкерлигин Улуттук конгресстин 200 мүчөсүнүн 93ү колдоду.
Ливияда өкмөттүн жаңы башчысын шайлоо зарылчылыгы мурдагы премьер-министр Мустафа Абу Шагур сунуштаган өкмөт курамын Улуттук Конгресс эки ирет четке кагып, кызматтан кеткен соң жаралган.
Премьер- министрликке келген Али Зидан былтыр козголоңчулар кулаткан мурдагы диктатор Муаммар Каддафинин тушунда дипломат болуп иштеген. Ал режимден 1980-жылдары эле кол үзүп, Ливиянын оппозициячыл кыймылына кошулган. (UE)