Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Асмандан секирүү жагынан жаңы рекорд багындырылды


Феликс Баумгартнер рекордду багындырар алдында. 14-октябрь, 2012-жыл.
Феликс Баумгартнер рекордду багындырар алдында. 14-октябрь, 2012-жыл.
Австриялык парашютчу Феликс Баумгартнер асмандан 39 чакырым бийиктиктен секирүү менен дүйнөлүк жаңы рекордду багындырды. Ал АКШнын Нью-Мексико штатындагы чөлгө аман-эсен конгонго чейин үндүн ылдамдыгынан да тез түшкөн.

Учуу он минутка созулуп, анын беш минутунда парашютчу эркин болду. Феликс Баумгартнер парашютун Жерге 1,5 чакырым калганда гана ачкан.

Асмандан секирүү жагынан акыркы дүйнөлүк рекорд мындан 52 жыл мурда багындырылган экен. Анда АКШ аба күчтөрүнүн полковниги Жо Киттингер 31,3 чакырым бийиктиктен түшкөн болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG