Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:36

Сирия учактарына Түркия аба мейкиндигин жапты


Бул тууралуу Түркия Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мындай чечим кечээ Сирия өз асманына Түркиянын учактары киргизилбей турганын билдиргенден кийин кабыл алынган. Өткөн жумада Түркиянын куралдуу күчтөрү тарабынан Орусиядан учуп келаткан Сириянын учагы кармалып, кайра коё берилген. Учак Орусиядан Башардын режимин колдоо үчүн курал алып келе жатат деген шек менен кармалган болчу.

Түркия менен Сириянын мамилеси Дамаск тараптан бир нече ирет Түркияга артиллериялык сокку урулгандан кийин курчуган. Расмий Анкара Сирия тараптан ар бир аткылоого сөзсүз жооп болорун билдирген эле.

XS
SM
MD
LG