Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Кара-Сууда айылдык аялдардын тынчтык жөө жүрүшү башталды


Ушу тапта Ош облусунун Кара-Суу районунда 15-октябр - Айылдык аялдардын эл аралык күнүнө карата арналган тынчтык акциясы өтүүдө. Беш жүздөй аял райондук акимиаттын алдына чогулуп, маданият үйүнө чейин жөө жүрүшкө чыкты. Кабарчыбыздын айтымында, ортодогу аралык - бир чакырымдай жол. Жөө жүрүшкө улам эркектер да кошулуп, акцияны колдогон мырзалардын саны ушу тапта он чакты болуп калды.

Акциянын максаты - коом үчүн маанилүү чечимдерди чыгарууга аялдардын катышуусуна үйрөтүү, алдыда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого аялдардын көбүрөөк катышуусуна үндөө жана коомдук-саясый туруктуулукка чакыруу.

Уюштуруучусу - Ош облусунун "Демилгелүү ишкер аялдар" коомдук фонду. Жөө жүрүшкө Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева да катышып жатат.

Мындай акция быйыл үчүнчү жыл өтүүдө.

Айылдык аялдардын коомдогу жана жашоодогу орду, эмгеги канчалык баалуу экенин белгилөө максатында ар жылдын 15-октябрында Айылдык аялдардын эл аралык күнүн (International Day of Rural Women) белгилөө тууралуу чечим 1995-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Пекинде өткөн аялдар конференциясында кабыл алынган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG