Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Жалал-Абадда өтө турган жыйынга өлкө жетекчилиги чакырылды


3-октябрдагы Бишкектеги окуядан кийин камалгандардын бошотулушун талап кылган жыйын 16-17-октябрда Жалал-Абаддын борбордук аянтында өтөт. Бул тууралуу жыйындын уюштуруучулары кабарлайт. Алардын айтымында, нааразылык акциясына Кыргызстандын президенти, парламент төрагасы, акыйкатчы, Жогорку Кеңештеги фракция башчылары чакырылды. Ошондой эле бир катар чет мамлекеттердин элчилери менен айрым массалык маалымат каражаттарынын жетекчилерине да чакыруу жөнөтүлдү.

3-октябрда Бишкектин борбордук аянтында Кумтөр маселеси боюнча өткөн митинг парламенттин темир тосмосунан ашып түшүү менен аяктап, бийликти басып алууга аракет болду деген шек менен аталган акциянын айрым катышуучулары камакка алынган. Алар - оппозициялык "Ата-Журт" партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, митингди алып барган коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев менен “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов жана Камчыбек Ташиевдин эки жансакчысы. Тергөө аяктай элек. (RK)

XS
SM
MD
LG