Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Апрел окуясы боюнча сотто Нурлан Темирбаев көрсөтмө берди


Бүгүн Бишкекте апрел окуясы боюнча сот уланды. Анда соттолуучу, Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган Жаныш Бакиевдин мурдагы орун басары Нурлан Темирбаев көрсөтмө берди. Ал Жаныш Бакиев 7-апрелде эгерде митингчилер тарабынан тартип коргоо кызматкерлерине карата ок атылса, жооп кайтарып, атуу керек деген буйрук бергенин айтты.

Ошол күнү "Форум" ишканасынын алдына чогулгандарга барып, бутуна таш тийип жараат алганын, митингчилердин өлүмүнө күнөөсү жок экенин айтты. Жаныш Бакиевдин буйругу менен Курманбек Бакиевди Өкмөт үйүнөн алып чыгып, учак менен Жалал-Абадга өзү коштоп барып жеткиргенин кошумчалады. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG