Камбожанын мурдагы падышасы Нородом Сианук 89 жаш курагында дүйнө салды. Ал бийликте турган 1953-жылы өлкө Франциянын оторчулугунан кутулуп, көз карандысыздыкка жетишкен. Падышанын жардамчысы маркум жүрөгүн дарылатып Бээжин ооруканасында жатканын кабарлады. Сианук Камбожанын соңку 60 жылдагы саясатында чоң роль ойногон. Тактыда 1941-1955- жана 1994-2004-жылдары отурду. 2004-жылы ден соолугуна байланыштуу бийликтен баш тартканы менен таасирдүү адам бойдон кала берген. Сианук 1975-79-жылдары “кызыл кхмерлер” режимине каршылык көргөзгөн күчтөрдүн артында турган. “Кызыл кхмерлер” учурунда 2 миллионго жакын киши өлтүрүлгөн.