Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:43

Филиппинде мусулмандардын башкаруусундагы аймак түзүлөт


Филиппин өкмөтү жана мусулман козголоңчулары 43 жылга созулган көтөрүлүшкө чекит коюуну көздөп, тынчтык келишиминин долбооруна кол коюшту. Маниладагы президенттик сарайда кол коюлган документте 2016-жылга чейин Бангсаморо же “мусулман улуту” деген жаңы автономиялуу аймак түзүү каралган. Мусулмандардын башкаруусундагы облус түзүү үчүн 15 кишиден турган Өткөөл комиссия иштемекчи. Келишимде ошондой эле козголоңчулардын 11 миңдей кишиден турган армиясы бара бара “колдонуудан чыгат” деп айтылган.

XS
SM
MD
LG