Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:21

ЕБ Сирия режимине каршы санкцияларды күчөттү


Европа Биримдиги Сирия режимине каршы жаңы санкцияларды киргизди. Тышкы иштер министрлери бүгүнкү жыйынында сириялык 28 кишинин жана 2 компаниянын банк эсептерин жабуу, аларга биримдиктин аймагына келүүгө тыюу салуу тууралуу макулдашты. Эми шаркеттин “кара тизмеси” жалпы жонунан 181 адамды жана 54 фирманы камтыйт. Жазалоочу чаралар Башар Асадга каршы көтөрүлүштү күч менен басууга тиешеси бар адамдар менен компанияларга каршы колдонот. Министрлер Иран жана Беларуска да санкцияларды күчөтүшү ыктымал.

Тегеран ядролук программасынан мурдагыдай эле баш тартпай келатса, Минск бийлиги 2-сентябрдагы парламенттик шайлоонун адилетсиз өткөрүлүшү үчүн сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG