“Ата-Журт” партиясынын Жалал-Абад облустук штабынын башчысы Рашид Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүн-эртең шаардагы борбордук аянтта чоң жыйын өтөт. Жыйынга чакыруу президентке, өкмөт башчыга, парламенттин спикери баштаган бардык фракция башчыларына, Акыйкатчыга, бир катар коомдук-саясий ишмерлерге жана жарандык коом өкүлдөрүнө жиберилди. Уюштуруучулардын айтуусунда, анда учурда өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаал, “Ата-Журт” партиясынын камакта жаткан лидерлерин бошотуу талабы тууралуу сөз болот.
Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов Жалал-Абадда өтө турган митингге чакыруу тууралуу кабары жоктугун “Азаттыкка” билдирди.
“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчы Ташиев, фракция башчысы Садыр Жапаров жана депутат Талант Мамытов 3-октябрда Жогорку Кеңеш алдындагы тополоңдон кийин камакка алынган. Буларды бошотуу талабы менен нааразылык акциялары Жалал-Абад, Ош шаарларында, Түп районунда уюштурулду. Жалал-Абадда жана Түптө камалган депутаттардын тарапкерлери саясий ачкачылык жарыялашкан.(Ya;MK;ZKo)