Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Апрель сотунда айыпталуучулар көрсөтмө берүүнү улантат


Маалыматтарга караганда, бүгүнкү соттук териштирүүдө мурунку мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары Данияр Дунганов көрсөтмө берет. Кечээки сот жараянында аталган кызматтын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевдин 1-орун басары Нурлан Темирбаев көрсөтмө берип, 7-апрелдеги кан төгүүгө тиешеси жоктугун билдирип, өзүнө тагылган айыптар менен макул эместигин айткан.

7-апрель окуясы боюнча сотто мындан ары ошол кезде жоопту кызматты ээлеп турган Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Каныбек Жороев, Мурат Суталинов, Данияр Дунганов жана башкалар кезеги менен көрсөтмө беришет. Жалпысынан апрель окуясы боюнча 28 адамга айып тагылган, анын ичинде Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Данияр Үсөнов баштаган алты адам издөөдө жүрөт. Аларга куралсыз элге ок атуу, кызматынан ашкере пайдалануу жана башка беренелер боюнча айыптар тагылган.

2010-жылы 7-апрелде президент Курманбек Бакиевдин башкаруу режимине нааразылык билдирип чыккан элге каршы ок атылып, андан ошол күнү 87 киши окко учкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG