Тамекиге көз карандылардын санын азайтуу үчүн тамеки өндүрүшүн кыскартуу зарыл. Мындай максаттагы иш-чара бүгүн Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан өткөрүлөт. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, тамеки өндүрүшүнүн жетекчилери өздөрүнүн пайдасы үчүн жыл өткөн сайын улам жаңы керектөөчүлөрдү, алардын ичинде балдар менен аялдарды тамекиге көз каранды кылууга кызыкдар. Бүгүнкү тегерек столдо тамеки өндүрүшүн кыскартуу маселеси талкууга алынмакчы. Ага эл аралык уюмдардын, айылдык ден соолук комитеттеринин жана бийликтин өкүлдөрү чакырылган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө тамекиге көз карандылардын саны жыл өткөн сайын арбып баратат. 2011-жылы тамеки тарткандардын саны мурдагы жылга караганда 2% өскөн. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, кыргызстандыктардын дээрлик 22% тамекиден көз каранды.(ZKo)