Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:12

Чаткал: чек арадагы корукка өзбек тарап жылып кирүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” кечээ Чаткал районунун акими Акматбек Таласбай уулу кабарлады:

- Өзбек тарап ичкери карай 300 метр жылып, өз белгилерин орнотуп алды. Корукта кызыл китепке кирип, коргоого алынган жаныбарлар бар. Аларга өзбек жарандары аңчылык кылууда. Ал эми бизди чек арага жакын жолотушпайт. Август айында корукта жүргөн жеринен Салимбай Аширов аттуу балчелекчини кармап кетишип, 4 жылга кесип жиберишти.

Район акиминин билдирүүсүндө, өзбек чек арачылары 2005-жылы 500 метр ичкери кирип, комиссиянын кийлигишүүсү менен кайра артка жылган. Азыр да ошондой кырдаал түзүлүүдө. Учурда Өзбекстанга чектеш жерде жайгашкан коруктун 182 чакырымы кайтарылбай ээн калган.

Бул маселе Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинде да каралып, өкмөт мекемелер аралык комиссия түздү. Ал эми Чек ара кызматынын жетекчиси Закир Тиленов мындай маалыматты четке какты.(ST;ZKo)

XS
SM
MD
LG