Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Гуревич Италияга келе элек


Евгений Гуревичтин кайсы бир себептерден улам Италияга келиши кечеңдөөдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын Римдеги адвокаты Астолфо Ди Амато маалымдады. Адвокат буга чейин “Гуревич Италияга өз ыктыяры менен келүүдө, бул анын Рим прокуратурасы менен кызматташуу ниетин далилдейт” - деп айткан.

Италияда ал “Фаствеб-Телеком-Италия” чуулгандуу иши боюнча, атап айтканда арам акчаны адалдоодо, мыйзамсыз жол менен өндүрүлгөн акчанын эки жакка которулушунда негизги ролду ойногон деп айыпталган.

Гуревич 2011-жылы Кыргызстандын соту тарабынан коррупция үчүн айыпталып, 15 жылга сырттан кесилген. "Мегаком" компаниясына Максим Бакиев менен ээлик кылган адамдардын бири экени айтылып келет. Андан сырткары 2010-жылга чейин Кыргызстандагы "MGN Capital" деген финасы тобунун жетекчиси катары ачык айтылганы менен чындыгында Бакиевдердин эл аралык консультанты болгон деген маалымат бар. Ал 2010-жылдын апрель окуясынан кийин Бакиевдин башка жакындары сыяктуу өлкөдөн чыгып кеткен. (AA)

XS
SM
MD
LG