Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Талибандан ок жеген пакистандык кыз Британияга келди


Малала Юсуфзай Пакистандан Британияга жөнөтүлүп жаткан учур. 15-октябрь, 2012-жыл.
Малала Юсуфзай Пакистандан Британияга жөнөтүлүп жаткан учур. 15-октябрь, 2012-жыл.
Талибдер өткөн аптада башка аткан Малала Юсуфзай Британияга дарылануу үчүн келди. Он төрт жаштагы өспүрүм кызды Пакистан борбору Исламабаддан Британияга Бириккен Араб Эмираттары берген атайын учак жеткирди.

Британ өкмөтү ал Бирмингэм ооруканасында дарыланарын ырастады. Пакистан бийликтеринин айтымында, Малала Юсуфзай жаракатынан жана психологиялык трамвадан айгыш үчүн узак дарыланууга муктаж.

Талибандын адамы аны өткөн аптада Пакистандын Сват өрөөнүндө мектептен кетип бара жаткан кезинде башка аткан. Юсуфзай 2009-жылы талибдердин аталган өрөөндө жергиликтүү элге көргөзгөн кордугун интернетке жазып чыкканда таанымал болгон.

Талибан аны исламды жана шариятты жаманатты кылып, кыздарды билим алууга үндөгөнү үчүн жазалаганын билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG