1990-жылдары Боснияда болгон согуш учурундагы мыкаачылыктар жана геноцид үчүн айыпталган Радован Каражичтин өзүн коргоп баштоосу бүгүнкүгө мерчемделген. Ал айыпталган кылмыштардын бири 1995-жылы июль айында, Сребреница шаарында 8000дей мусулман эркек менен балдардын кырылышына байланыштуу.
Ишти БУУнун Аскерий кылмыштар боюнча Гаагадагы трибуналы кароодо. Сот 2009-жылы эле башталган. Өткөн айда трибунал Каражичтин сотко кайра башынан киришүү жөнүндөгү өтүнүчүн четке каккан эле.
Ал прокурорлорду анын пайдасына ойной турган далилдерди кеч ачканы үчүн айыптаган болчу. Каражич он үч жыл жашырынып жүрүп, 2008-жылы гана камалган.
(UE)