Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Кадамжайда райондук гезиттин сайты ачылды


Баткен облусунун Кадамжай райондук «Эл жарчысы» гезитинин интернеттеги сайты ачылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» басылманын кабарчысы Азамат Абсаттаров
билдирди. Мындан ары гезитке басылган макала-маектер жана райондогу жаңылыктар www.kadamzhay.ru сайтына такай жарыяланып турат.

Абсаттаровдунайтымында, гезиттин интернет-варианты үчүн мамлекеттен же
эл аралык уюмдардан эч кандай каржылык жардам алынган жок. Сайт Орусияда иштеп жаткан кадамжайлык ишкер, компьютер боюнча адис Равидин Турсункуловдун демөөрчүлүгү менен ачылган. RU домени да демөөрчүнүн каалоосу менен тандалган.

Кыргызстанда райондук гезиттердин өзүнчө сайты буга чейин болгон эмес. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG