Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:18

Бекназаров Конституциялык палатанын судьялыгына өтпөй калды


Саясатчы Азимбек Бекназаров Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялык кызматына өтпөй калды. Бүгүн ал Сотторду тандоо кеңешиндеги добуш берүүдө тиешелүү добуш топтой алган жок. Кеңештин добуш берген 19 мүчөсүнүн ону Бекназаровду колдоп, тогузу каршы чыкты.

Буга чейинки сынакта бир катар бейөкмөт уюмдар жана айрым укук коргоочулар Бекназаров Конституциялык соттун судьясы болууга укугу жок деп айтып келген. Алар Бекназаров 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турганда Конституциялык сотту таркатуу тууралуу чечимди кабыл алууга катышканын жүйөө кармаган. Бирок Азимбек Бекназаров боюнча жакшы ой-пикирлер да түшкөн.

Бүгүн Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатага 25 талапкер боюнча добуш берди. Алардын бешөө гана 13төн көп добушка ээ болду. Эми алардын талапкерлиги президенттин кароосуна сунушталат. (RK)

XS
SM
MD
LG