Шашылыш билдирүү
Адаттан тыш кургак жана жылуу күндөрдөн кийин 17-октябрда күндүз жана 18-октябрдан тарта Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. 18-октябрда өрөөндөрдө жааган жаан карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын көп болот.
18-19-октябрда күндүз абанын температурасы өрөөндөрдө 1-6 градуска чейин төмөндөйт. 19-октябрда түнкүсүн өрөөндөрдө 0...-5 градуска чейин жеткен үшүк жүрөт.
Мындай аба ырайы айыл-чара иштерин үзгүлтүккө учуратып, кант кызылчасы жана пахта терүүнү токтотот. Унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Аба ырайы
17-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар түшөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 9...14,
Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12,
Баткенде түнкүсүн 6...11, күндүз 8...13 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 9...14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, чыгыш тарабында -2...+3, күндүз 7...12,
Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз 5...10,
Тоолордо түнкүсүн -9...-14, ал эми күндүз -3...-8 болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз жаан жаайт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8, күндүз 11...13 градус болот.