Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Рахматуллаев: Ажыга бараар алдындагы эмдөөдөн кийин айрымдар каза болду


Ош облусунда соңку күндөрү каза болгондордун айрымдарынын өлүмү ажылык сапарга чыгаар алдындагы эмдөөгө байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" укук коргоочу Изатулло Рахматуллаев билдирди. Анын айтымында, мындай тыянакка ал каза болгондордун ооруган белгилеринин окшоштугунан улам келген. Бир аял эмдөөдөн кийин үч күндөн кийин көз жумган. Ал эми анын жубайы да ошондой эле сыркоолоп, реанимацияга түшкөн. Алардан тышкары дагы үч адамдын өлүмү эмдөөгө байланыштуу болгон деген божомол бар. Бирок укук коргоочу медицина кызматкерлеринен да, диний башкармалык өкүлдөрүнөн да так маалымат ала албай жатканын айтты. Каза болгондордун туугандары арыздануудан баш тартып жатканын кошумчалады.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен "Азаттыкка" билдиришкендей, эмдөө сасык тумоого каршы жасалган. Бирок анын кесепетинен адам өмүрү кыйылды деген маалымат жок. Себеби эмдөөдөн кийин адамдын ден соолугунда кандайдыр бир өзгөрүү болсо, ал сөзсүз каттоого алынат. Андай расмий катталган факт жок. (RK)

XS
SM
MD
LG