Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:48

Жалал-Абаддагы митингчилер кайрылуу кабыл алды


Жалал-Абаддагы митингчилер президентке жана парламентке кайрылуу кабыл алды. Шаардын борбордук аянтында үч саатка созулган митингге анын уюштуруучуларынын айтымында 5-7 миң адам катышты. Облустук прокуратуранын маалыматында, келгендердин саны 1,5 миңден ашкан жок. Ал эми көз каранды эмес байкоочулардын билдиргенине караганда, чогулгандардын саны 2,5 миңден ашты.

Митингчилердин кайрылуусунда 3-октябрдагы окуядан кийин камакка алынгандарды толугу бойдон бошотуу, айрым маалымат каражаттары бир жактуу каралоосун токтотуу, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын кайра түзүү, Жогорку Кеңешти таркатуу сыяктуу талаптар бар.

Эгер бул талаптар аткарылбаса, мындан аркы жоопкерчилик президентте, парламентте жана өкмөттө болоорун эскертилди. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG