Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Эки кыргыз тасмасы “Дүйшөмбү дидори” фестивалына катышат


Кыргызстанда тартылган эки тасма "Дүйшөмбү дидори" фестивалына катышат. Бул тууралуу “Кыргызфильм” студиясынын жетекчиси Таалай Кулмендеев “Азаттыкка” билдирди. “Дидор” фестивалы бүгүн Дүйшөмбүдө башталып, үч күнгө созулат.

Таалай Кулмендеев кабарлагандай, эки жылда бир өтчү бул фестивалга режиссер Эркин Салиевдин “Ханбийке Назик” көркөм тасмасы менен режиссер Эмил Атагелдиевдин “Моисей: жандүйнөдөгү деңиз” кыска метраждуу тасмасы катышмакчы.

“Дидор” фестивалы тажик борборунда быйыл 5-жолу өтүүдө. Буга чейин фестивалга Эрнест Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү”, Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут” тасмалары катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. (ST/RK)

XS
SM
MD
LG