Экономикалык кызматташтык уюмунун саммити бүгүн Бакы шаарында өтүп жатат. Ага Ирандын, Пакистандын, Түркиянын, Тажикстандын жана Азербайжандын лидерлери, Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын расмий өкүлдөрү катышууда.
Жумурияттын тышкы иштер министри Элмар Мамадияров саммитте 10 мамлекет мүчө болгон уюм канткенде региондун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалана ала турганы талкууга алынарын кабарлаган. Тажик президенти Эмомали Рахмон, түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жана азери президенти Илхам Алиев регионалдык энергетикалык долбоорлор боюнча ишти жандандырууга чакырды. Бирок лидерлердин сөзү бир аздан кийин эле экономикадан саясатка өтүп кеткени кабарланууда.
Маселен, ооган президенти Хамид Карзай уюмду терроризмге каршы күрөшкө жардам берүүгө чакырды. Пакистан президенти Асиф Али Зардари да терроризмге каршы күрөшкө көп басым жасады. Ирандын мамлекет башчысы Махмуд Ахмединежад болсо “капиталисттик система жана колониализм менен кулчулуктун колдоочуларынын доору бүттү” деп билдирди. Илхам Алиев дүйнөдө “исламофобия” күчөгөнүн айтып, Арменияны да Тоолуу-Карабакты басып алган деп дагы бир ирет күнөөлөп өттү.
Түркмөнстан да бул уюмдун мүчөсү, бирок бул өлкө саммитке өкүлүн жибергени тууралуу эч жерде айтылбайт. Жыйындын аягында мындан аркы кызматташтыктын принциптерин аныктаган “Бакы декларациясына” кол коюлары кабарланган.