Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

АКШда сот Усама бин Ладендин айдоочусу боюнча өкүмдү жокко чыгарды


Салим Ахмед Хамдан.
Салим Ахмед Хамдан.
Салим Ахмед Хамдан буга чейинки сот өкүмүнө ылайык, терроризмди колдоого көмөктөшкөнү үчүн күнөөлүү деп табылган эле. Бирок апелляциялык соттун судьялары эл аралык укуктун көз карашынан алганда анын 1996-2001-жылдары Усама бин Ладенге айдоочу болгон кездеги аракеттерин кылмыш деп эсептөөгө болбойт деген бүтүмгө келишти.

“Ал-каида” лидеринин айдоочусу 2001-жылы америкалык аскерлер тарабынан Ооганстанда туткундалып, Гуантанамо базасындагы аскерий түрмөгө жөнөтүлгөн.

2008-жылы Аскерий трибунал аны беш жарым жылга эркинен ажыраткан. Бирок Хамдан ал учурга чейин абакта алты жыл отуруп койгонуна байланыштуу дароо эле бошотулган. (UE)

XS
SM
MD
LG