Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Пакистан "Талибандан" ок жеген кызды “Каармандык” медалы менен сыйлайт


Өлкө бийликтеринин бул чечимин ички иштер министри Рехман Малик Малала Юсуфзайдын аны менен бирге жаракат алган эки классташына жолуккан учурунда жарыялады.

Ал ошондой эле "Талибандын" өспүрүм кыз өлтүрүлөрүн эскерткен өкүлү Эхсанулла Эхсандын башы үчүн 100 миллион рупий же 1 миллион доллар сыйлык коюлганын билдирди:

- Мен анын башы үчүн 100 миллион рупий сайылганын жарыялайм. Муну ким аны кармап келсе алат. Эгер ким аны таап, маалымат берсе өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы ыйгарылат. Анткени биз бул террорчулардан кутулуубуз керек.

14 жаштагы Малала Юсуфзайды "Талибандын" адамы өткөн аптада мектептен кетип бара жаткан кезинде башка аткан. Ал эки күн мурда дарылануу үчүн Британияга жеткирилди.

Юсуфзай 2009-жылы билим алуунун маанисин, талибдердин Сват өрөөнүндө жергиликтүү элге көрсөткөн кордугун интернетке жазып чыкканда таанымал болгон.

"Талибан" аны исламды жана шариятты жаманатты кылып, кыздарды билим алууга үндөгөнү үчүн жазалаганын билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG