Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Пакистан -Индия чегиндеги атыштан үч адам өлдү


Бул тууралуу Индиянын армиясы билдирди. Алардын ырастоосунда, Пакистан аскерлери минемоттон атышып, үч кишини, анын ичинде эки өспүрүмдү мерт кылышты. Окуя эки тарап талашкан Кашмирдеги чек ара тилкесине жакын жерде болгон.

Пакистан армиясы аскерлер снаряд атканын моюнга алышты, бирок бул индиялык аскерлер алардын бекетин атуусуна жооп болгонун белгилешти.

Мурдарак жергиликтүү тургундар акыркы эки аптадан бери чек арада маал-маалы менен ок атылып жатканын айтышкан.

Өзү Индия менен Пакистан ортосундагы үч согуштун экөө азыр экиге ажырап турган Кашмир чөлкөмү үчүн болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG