Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Британ хакери АКШга өткөрүлүп берилбейт


Гарри МакКинон
Гарри МакКинон
46 жаштагы Гарри МакКинон АКШга экстрадицияланбай турганын кечээ британ парламентинде өлкөнүн ички иштер министри Тереза Мэй билдирди. Ал өз чечимин АКШда айыптуу деп табылса, алтымыш жылга соттолушу мүмкүн болгон оорулуу хакер өз жанын өзү кыяры жана биринчи кезекте адам укуктары эске алынганы менен түшүндүрдү.

Муну менен АКШ жана Британия ортосунда экстрадиция боюнча келишимдин шарттары аткарылышына британ ички иштер министри биринчи ирет тоскоолдук жасады.

АКШ бийликтери МакКиннонду 2001, 2002-жылдары коргонуу жана космос мекемелеринин 100дөй компьютерине кирүү менен системаны керектен чыгарып, өкмөттү 700 миң доллардык чыгымга учуратканы үчүн айыптаган.

Аутизм илдетинин бир түрү менен ооруган МакКинон хакерлик кылганын моюнга алган, бирок белгисиз учуучу объектилердин бардыгына далил издегенин гана билдирген. Ал АКШга экстрадицияланбаш үчүн 2002-жылдан бери күрөшүп келүүдө.
(UE)

XS
SM
MD
LG