Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Ош шаарында эки күндөн бери газ жок


Ош шаарына газ берүү кечээ кокусунан токтоду. Мындай абал Өзбекстандан келүүчү
Хожабад – Ош магистралдык түтүгү иштен чыккандыгына байланыштуу жаралганын "Азаттыкка" Ош газ чарба башкармалыгынын башкы инженери Зина Азимкулова билдирди. Анын айтымында, учурда оңдоо иштери жүрүп жатат. Ош газ чарба башкармалыгы көгүлтүр отту берүү бүгүн кечке чейин жанданарын кабарлоодо.

Ош шаарына жана Кара-Суу районуна газ кошуна Өзбекстандан келет. (SE)

XS
SM
MD
LG